Франциялык футбол легендасы Зинедин Зидан өлкөнүн улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болот. Инсайдер Фабрицио Романонун маалыматы боюнча, 54 жаштагы адис узак мөөнөттүү келишимге кол койгон.
Маалыматтарда келишим 2030-жылдагы дүйнө чемпионатынын ортосуна чейин түзүлгөнү айтылууда. Бирок Франциянын футбол федерациясы Зидандын дайындалышын азырынча расмий жарыялай элек.
Келишим боюнча чечим былтыр кабыл алынган
Романонун айтымында, тараптар оозеки макулдашууга 2025-жылдын ноябрында эле жетишкен. Зидан айрым клубдардын сунуштарын карабай, Франциянын улуттук курамасын жетектөө мүмкүнчүлүгүн күткөн.
Жаңы машыктыруучу өзүнүн штабын да түзүп бүткөнү айтылууда. Ал кызматтык милдеттерин 1-сентябрдан тартып аткара баштайт. Франция курамасынын алдыдагы негизги максаттары — Улуттар лигасы, Евро-2028 жана 2030-жылдагы дүйнө чемпионаты.
Дешам 14 жылдан кийин кызматтан кетти
Зидан Дидье Дешамдын ордун ээлейт. Дешам Франция курамасын 14 жыл жетектеп, 2018-жылы дүйнө чемпиондугуна алып келген. Ал 2026-жылдагы дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин кызматтан кетти.
Дешамдын акыркы беттешинде Франция үчүнчү орун үчүн Англияга каршы ойноп, 4:6 эсебинде жеңилген.
Зидан «Реал» менен 11 кубок уткан
Зинедин Зидан 2021-жылдан бери машыктыруучулук иште болгон эмес. Ал буга чейин мадриддик «Реалды» эки ирет жетектеген.
Анын жетекчилигинде клуб жалпы 11 кубок утуп, анын ичинде УЕФАнын Чемпиондор лигасында катары менен үч жолу жеңишке жеткен. Ошондой эле «Реал» Испания чемпиондугун эки жолу уткан.
Зидан футболчу катары Франция менен 1998-жылы дүйнө чемпиону, 2000-жылы Европа чемпиону болгон. Ал улуттук курамада 108 беттеш өткөрүп, 31 гол киргизген. 2006-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалынан кийин оюнчулук карьерасын аяктаган.