113 өлкө, 64 млн сом: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакындады

/ Спорт / 1

2026-жылдын 1-августунда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө карата VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 113 өлкөдөн арыз түшкөн. Каттоо 1-июлда аяктаган. Бул жолку оюндарга Австралия, Жаңы Зеландия, Алжир, Египет, Оман, Эфиопия жана башка бир катар мамлекеттер биринчи жолу катышат.

Спорттук мелдештерге 3 миңдей атлет катталып, алар 42 спорт түрү боюнча күч сынашат. Программага тыйын эңмей, көкпар, стронгмен жана буряттардын омуртка сөөгүн сындыруу сыяктуу жаңы мелдештер да киргизилди.

Жеңүүчүлөр менен байге ээлерине жалпы 64 миллион сом каралууда. Каражат спорт түрлөрү боюнча алдын ала бөлүштүрүлгөн, бирок демөөрчүлөр менен федерациялардын салымы кошулса, байге фонду дагы көбөйүшү мүмкүн. Медалдар учурда даярдалып жатат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек менен Ысык-Көлдө өтөт. Уюштуруучулар чет өлкөлөрдөн 100 миңге жакын көрүүчү келерин болжолдошууда. Негизги таймаштар Ысык-Көлдөгү ипподромдо, Кырчын жайлоосунда жана башка аянтчаларда уюштурулат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/113-olko-64-mln-som-dujnoluk-kochmondor-oundary-jakyndady/