Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктердин импорту экспорттон кыйла жогору бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь–май айларында өлкө 14,8 млн долларлык алкоголь импорттосо, экспорт 913 миң долларды түзгөн.
Импорттун негизги бөлүгүн күчтүү алкоголдук ичимдиктер түздү. Бул багытта 8,3 млн долларга жакын продукция сырттан алынып келинген. Негизги жеткирүүчүлөр — Россия, Улуу Британия, Ирландия, АКШ жана Финляндия.
Ошондой эле Кыргызстанга 5 млн доллардан ашык суммага сыра жана 1,3 млн долларга жакын жүзүм шарабы импорттолгон. Сыра негизинен Россия жана Казакстандан келген.
Ал эми өлкөдөн чыгарылган алкоголдук продукциянын көлөмү азайды. Беш айда 496 миң долларлык күчтүү ичимдик, 231 миң долларлык сыра экспорттолгон. Негизги сатып алуучулар — Казакстан жана Россия.
Статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда алкоголдук продукция боюнча соода балансы импорттун пайдасына калып, айырма 13,9 млн долларды түздү.