Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишинин жыйынтыктары, министрликтеги санариптештирүү долбоорлорунун аткарылышы, туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоо жана тармактагы башка актуалдуу маселелер каралды.
Ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна, башкаруу процесстерин өркүндөтүүгө, ички иштер органдарынын ишине заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө жана кызматтык тартипти чыңдоого өзгөчө көңүл бурулганы белгиленди.
Жыйында «Коопсуз өлкө» долбоору 2026-жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашырыла турганы маалым болду. Долбоордун алкагында өлкө боюнча 20 миңге жакын видеокөзөмөл камерасын орнотуу пландалууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул кылмыштуулуктун алдын алууну күчөтүүгө, коомдук тартипти сактоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого жардам берет.
Мындан тышкары, жыйында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу маселеси да көтөрүлдү. Ички иштер органдарынын жетекчилерине жарандар менен иштөөдө мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, алардын укук-милдеттерин өз убагында түшүндүрүү, кайрылууларды мыйзам чегинде толук кароо жана ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар берилди.