«15 жылга кесилди»: Депутат зордуктоо боюнча мыйзамды кайра кароону сунуштады

/ Коом / 14

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдиева зордуктоо жана 16 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгууну сунуштады.

Бул маселе 29-сентябрда парламенттин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү («Зордуктоо») жана 157-беренеси («16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») боюнча айрым учурларда пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Мындан тышкары, тараптарды элдештирүү боюнча процессуалдык келишимди Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине кайра киргизүү маселесин кароону сунуштады.

Абдиеванын айтымында, мындай механизмдер мурда мыйзамда болгон, бирок аялдардын укуктарын коргоону күчөтүү максатында кийин алынып салынган. Депутат айрым учурларда азыркы катуу талаптар жаш адамдарга узак мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы берилишине алып келерин билдирди.

Ал жакында болгон бир ишти мисал келтирип, анда жаш жигит 15 жылга эркинен ажыратылганын айтты. Депутаттын айтымында, кыз өзүн 19 жаштамын деп тааныштырып, мамиле эки тараптын макулдугу менен болгонун билдирген.

Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева 154-берене боюнча мындай механизмди колдонуу маселесин мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилип, коомдук талкуудан өткөндөн кийин кароого болорун айтты.

Ошол эле учурда ал 157-берене боюнча тараптарды элдештирүүгө жол берилбей турганын белгиледи. Себеби бул беренеде 16 жашка чыга элек балдардын укуктары жөнүндө сөз болуп, алардын кызыкчылыгын мамлекет коргойт.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Жогорку сот буга чейин тиешелүү мыйзам долбоорлоруна терс корутунду бергенин билдирди.

Анын айтымында, депутат мисал келтирген конкреттүү ишти жагдайларын изилдебей туруп комментарийлөө мүмкүн эмес. Колдонуудагы мыйзам мындай жагдайлардын негизинде жазаны жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бербей турганын белгиледи.

Жыйында айтылган маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү боюнча зордуктоо үчүн 5 жылдан 8 жылга чейин, ал эми 157-берене боюнча 16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер үчүн 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/15-jylga-kesildi-deputat-zorduktoo-bouncha-myjzamdy-kajra-karoonu-sunushtady/