Шайлоодо мугалим, дарыгер жана студенттерди үгүткө тартууга тыюу салынды

/ Бийлик / 52

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык өткөрүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирген.

Жарлыкта мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана административдик ресурсту талапкерлердин кызыкчылыгына пайдаланууга жол бербөө каралган.

Ошондой эле мугалимдерди, окуучуларды, жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен студенттерин, медицина, социалдык камсыздоо тармагындагы жана башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин кызматкерлерин талапкерлердин пайдасына үгүт иштерине тартууга тыюу салынды.

Министрлер кабинетине мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн же кызматтык абалын талапкерлердин кызыкчылыгына пайдаланган жетекчилерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу, зарыл учурда кызматтан бошотуу тапшырылды.

БШКга шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонуу жана жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталды. Ошондой эле шайлоого эл аралык байкоочулардын катышуусун камсыз кылуу чаралары каралды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/shajloodo-mugalim-daryger-jana-studentterdi-ugutko-tartuuga-tyuu-salyndy/