200гө жакын өзбекстандык өнөрпоз Кыргызстанга келди

/ Маданият / 2

Кыргызстанга Өзбекстандын чыгармачыл делегациясы келди. Делегацияны Өзбекстандын маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда меймандарды Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.

200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрүн бириктирген делегациянын курамында белгилүү ырчылар, музыканттар, бий жамааттары жана маданият ишмерлери бар.

27–28-июлда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Өзбекстандын маданият күндөрүнүн алкагында өнөрпоздор Ысык-Көлдүн тургундары жана коноктору үчүн концерттик жана маданий программаларды тартуулашат.

Иш-чара кыргыз-өзбек маданий кызматташтыгын чыңдоого жана эки элдин достугун бекемдөөгө багытталган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/200go-jakyn-ozbekstandyk-onorpoz-kyrgyzstanga-keldi/