Мектепти «террорчулар басып алды»: Чүйдө масштабдуу антитеррордук машыгуу өттү

/ Коом / 3

Чүй облусунда мектеп имаратын куралчан топ басып алып, кызматкерлерди барымтага алган учур боюнча масштабдуу машыгуу өткөрүлдү. Бул окуя реалдуу эмес — «Чүй-Өз ара аракеттенүү — 2026» антитеррордук машыгуусунун сценарийи болгон.

УКМКнын Антитеррордук борбору жана атайын кызматтын Чүй облусу боюнча башкармалыгы уюштурган машыгуу Жайыл районунун Новониколаевка айылындагы Жайыл Баатыр атындагы орто мектептин аймагында өттү.

Сценарийге ылайык, куралчан «террорчулар» мектептин имаратын басып алып, билим берүү мекемесинин кызматкерлерин барымтада кармап турушкан. Кооптуу кырдаал тууралуу белги түшкөндөн кийин укук коргоо органдарынын бөлүктөрү даярдыкка келтирилип, ыкчам штаб түзүлгөн.

Операция учурунда мектепти курчоого алуу, барымтадагыларды бошотуу, атайын бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана шарттуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери аткарылды.

Машыгууга УКМКнын кызматкерлери, «Альфа» атайын бөлүгү, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Куралдуу күчтөр, Чек ара кызматы, Саламаттык сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле операцияга учкучсуз аппараттар, брондолгон техника, жардыруучу түзүлүштөрдү аныктоо жана зыянсыздандыруу жабдуулары, Ми-8МТВ тик учагы, атайын унаалар жана куткаруу техникасы тартылды.

УКМКнын маалыматына ылайык, машыгуунун жүрүшүндө бардык шарттуу барымтадагылар бошотулуп, коюлган тапшырмалар толук аткарылды.

Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик органдардын террордук коркунучтарга каршы аракеттенүүгө даярдыгын текшерүү, ар түрдүү кызматтардын кызматташтыгын жакшыртуу жана өздүк курамдын кесиптик даярдыгын жогорулатуу.

Бөлүшүү https://infogo.kg/mektepti-terrorchular-basyp-aldy-chujdo-masshtabduu-antiterrorduk-mashyguu-ottu/