49 жылдык ижара кайра каралат. Баетов жаңы шарттарды атады

/ Бийлик / 3

Юстиция министри Аяз Баетов жерлерди 49 жылга ижарага берүү маселеси кайра каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул тартип 1992-жылдан бери иштеп келет. Бирок айрымдар жерди узак мөөнөткө алып, эч кандай инвестиция салбай эле кармап турушат. Мындай учурлар чет өлкөлүктөр арасында да, кыргызстандыктар арасында да бар.

Баетовдун маалыматына ылайык, президенттин тапшырмасы менен жаңы механизм сунушталууда: жер алгач 10 жылга берилет, инвестиция салынса 25 жылга узартылат, ал эми келишимдеги милдеттенмелер толук аткарылса 49 жылга чейин узартуу каралат.

Министр миграция маселесине да токтолуп, Кыргызстанга кирип-чыккан чет элдиктердин арасында Кытай жарандары биринчи орунда эмес экенин айтты. Анын айтымында, алар 5-орунда турат жана өлкөгө негизинен виза менен келишет.

Ошондой эле Баетов Кытайдын Кыргызстанга болгон карызы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2020-жылдан бери Кытайдан жаңы карыз алынган эмес. Тескерисинче, 419,8 миллион доллардан ашык каражат кайтарылган.

Учурда Кытайдан алынган карыздын көлөмү 1,37 миллиард доллардын тегерегинде болуп, төлөмдөр белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү https://infogo.kg/49-jyldyk-ijara-kajra-karalat-baetov-jany-sharttardy-atady/