5-октябрда Бишкек шаарында бир убакта 65 миңге чейин көрүүчү кабыл ала турган жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт.
Ири иш-чарага байланыштуу борбор калаада унаа агымы көбөйүп, жол тыгындары жаралышы күтүлүүдө.
Ушуга байланыштуу Министрлер кабинетинин токтому менен 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, ведомстволор, бюджеттик жана билим берүү уюмдары онлайн форматта иштейт.
Мэриянын маалыматына караганда, бул чара шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана мекемелердин ишин үзгүлтүксүз улантууга багытталган.