«75чилердин каты»: Тизмеде 15-орунда турган Мамытов кол койбогонун билдирди

/ Бийлик / 214

Кыргызстандын мурдагы омбудсмени Токон Мамытов «75чилердин каты» деп аталган кайрылууга кол койбогонун билдирди.

Бүгүн, 27-августта, «75чилердин иши» боюнча Бишкек шаардык сотунда кезектеги отурум өтүп жатат. Сот отуруму жабык режимде өтүүдө.

Мамытов сотко күбө катары катышты. «75чилердин катына» кол койгондордун тизмесинде анын аты 15-номерде көрсөтүлгөн. Бирок ал бүгүн сотто кайрылууга кол койбогонун айтты.

Журналисттер Мамытовдон сотко эмне себептен келгенин сурашканда, ал жооп берген жок.

Бөлүшүү https://infogo.kg/75chilerdin-katy-tizmede-15-orunda-turgan-mamytov-kol-kojbogonun-bildirdi/