Жатаканадагы мушташ: Бишкекте 20 чет өлкөлүк кармалып, депортацияланат

/ Кылмыш жана кырсык / 52

Бишкектин түштүк бөлүгүндө чет өлкөлүк жумушчулар жашаган жатаканада мушташ чыгып, 20 чет өлкөлүк жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя 28-августта кечинде Аалы Токомбаев көчөсүндөгү жатаканада болгон. Алгач кайым айтышуу болуп, кийин мушташка айланган.

Милиция кармалгандар Кыргызстандан депортацияланарын билдирди.

Окуянын видеолору буга чейин социалдык тармактарга тараган. Жатаканада негизинен Кытайдын жарандары жашары айтылган.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат. Милиция кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

Ошондой эле коомдук тартипти бузгандар жана майда бейбаштык жасагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Бөлүшүү https://infogo.kg/jatakanadagy-mushtash-bishkekte-20-chet-olkoluk-karmalyp-deportaciyalanat/