«А Банкка» абаны булгаган унаасы үчүн 23 миң сом айып салынды

/ Коом / 1
Бишкекте абаны булгаган унаа үчүн «А Банк» мекемесине 23 миң сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы интернетке тараган абаны булгаган унаа тууралуу маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында унаа «А Банкка» таандык экени аныкталып, мекемеге «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык айып пул салынган.

Ошондой эле унаадагы кемчиликтерди тез арада жоюу жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.

Бөлүшүү https://infogo.kg/a-bankka-abany-bulgagan-unaasy-uchun-23-min-som-ajyp-salyndy/