Аба муздаткычтагы жашыруун жүк: Бишкекте жубайлар кармалды

/ Кылмыш жана кырсык / 34

Кыргызстан менен Орусиянын тиешелүү кызматтары биргелешип жүргүзгөн атайын операциянын жүрүшүндө Бишкекте 1995-жылы туулган жаран жана анын жубайы кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү почта аркылуу алган аба муздаткычтын конструкциялык көңдөйүнө жашырылган 1 килограмм 126 грамм «Alpha-PVP» психотроптук заты менен кармалган.

Үйүн тинтүү учурунда баңгизатты өлчөп, таңгактоого арналган электрондук тараза, зип-пакеттер жана изолента табылган.

ИИМдин алдын ала маалыматы боюнча, зат сатылган учурда мыйзамсыз киреше 4 млн 900 миң сомдон ашмак. Ошондой эле операциянын натыйжасында психотроптук заттын 6 миң 800дөн ашык бир жолку дозасынын таралышына бөгөт коюлган.

Учурда кылмыштуу каналдын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү https://infogo.kg/aba-muzdatkychtagy-jashyruun-juk-bishkekte-jubajlar-karmaldy/