Айбек Джунушалиев: Биз метро курууга даярбыз

/ Бийлик / 3

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада метро куруу боюнча сунуштар түшсө, муниципалитет тарабынан каралып, тиешелүү иштер башталышы мүмкүн экенин билдирди.

Ал бул тууралуу Бишкекте өткөн илимий-практикалык конференцияда айтты.

Мэрдин айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн демилгечилер тарабынан тиешелүү долбоор жана каржылоо болушу керек. Ошондой эле техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгып, аймактын геологиялык өзгөчөлүктөрү изилдениши зарыл.

«Бул маселени иштеп чыгабыз. Техникалык-экономикалык негиздемени даярдайбыз. Геологияны изилдөө сунушталды. Эгер бүгүн ТЭН, инвесторлор жана долбоордун негизги багыттары болсо, биз метро курууга даярбыз», — деди Джунушалиев.

Бөлүшүү https://infogo.kg/ajbek-djunushaliev-biz-metro-kuruuga-dayarbyz/