Ажылыкка каттоо эми мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт

/ Коом / 4

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында 2027-жылдагы умра жана ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйында ажылыкка каттоо, зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандоо, эмдөө иштерин уюштуруу жана ажылар үчүн бирдиктүү форма даярдоо маселелери талкууланды.

ДУМКнын маалыматына ылайык, 2027-жылдагы ажылыкка каттоо жаңы тартипте өтөт. Мындан ары каттоо «Умра-Ажылык» мобилдик тиркемеси аркылуу бирдиктүү санариптик система менен жүргүзүлөт.

Жаңы система аркылуу кезек түзүлүп, квоталар бөлүштүрүлөт, төлөмдөр кабыл алынып, кайрылуулар каралат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/ajylykka-kattoo-emi-mobildik-tirkeme-arkyluu-jurguzulot/