Кабинеттин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги «Бишкек Аренада» өтө турган иш-чараларды уюштурууга байланыштуу сын-пикирин билдирди.
Ал Бишкекте өткөн конференцияда ири концерттерди өткөрүүдө шаардагы жол тыгындарына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
«60 миң адам көңүл ачат, ал эми 1,5 миллион адам тыгында туруп калат. Буга жол бербеш керек», — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышы дүйшөмбү күнү өтөт. Ага байланыштуу мамлекеттик мекемелер менен мектептердин иши онлайн форматка өткөрүлүп, көрүүчүлөр үчүн кошумча автобус каттамдары уюштурулат.