«Алты ай өттү, жооп жок»: депутаттар Саламаттык сактоо министрлигин сынга алды

/ Медицина / 19

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитети Кыргызстанда боор жана бөйрөк трансплантациясы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын кароону кийинкиге жылдырды.

Депутаттар министрлик даярдаган маалымат толук эмес экенин белгилешти. Комитеттин мүчөлөрүнө таратылган документ болгону 1,5 бетти түзүп, анда депутаттарды кызыктырган бир катар суроолорго жооп берилген эмес.

Депутат Улукбек Зулпукаров бул маселе боюнча тапшырма мындан алты ай мурда берилгенин айтты. Анын белгилешинче, регламент боюнча министрлик 15 күндүн ичинде жооп бериши керек болчу.

«Алты ай өттү, бүгүнкү маалыматта коюлган суроолордун бирине да жооп жок», — деди ал.

Депутаттар Кыргызстанда боор трансплантациясына канча адам муктаж экенин, канчасы чет өлкөдө операция болгонун, трансплантациядан кийин аларга кандай медициналык жардам көрсөтүлөрүн жана өлкөдө боор менен бөйрөк алмаштыруу боюнча канча операция жасалганын билүүгө кызыкдар.

Жыйынтыгында комитет министрликке маалыматты толуктап, кеңири доклад даярдоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн маселени кийинкиге калтырды.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 578 жаран боор трансплантациясынан өткөн. Өлкөдө бөйрөк трансплантациясы мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт, ал эми боорду алмаштыруу операциясынын баасы 25 миң долларды түзөт.

Ошондой эле Кыргызстанда боор жана бөйрөк трансплантациясына муктаж бейтаптардын бирдиктүү реестри азырынча жок экени айтылды.

Бөлүшүү https://infogo.kg/alty-aj-ottu-joop-jok-deputattar-salamattyk-saktoo-ministrligin-synga-aldy/