Астана бир күндө Венецияга айланды

/ Дүйнөдө / 4

Астанада катуу жаан, шамал жана мөндүрдөн улам бир катар көчөлөрдү суу каптады. Айрым аймактарда унаалар жүрө албай, айдоочулар менен жүргүнчүлөр коопсуз жерге чыгууга аргасыз болушту.

Шамал бак-дарактарды жана тосмолорду кулатты. Ошондой эле шаардын түштүк-чыгыш бөлүгү менен Өнөр жай конушунда электр энергиясы убактылуу өчтү.

Авариялык кызматтар үзгүлтүктөрдү жоюу иштерин жүргүзүп жатат. Шаар бийлиги коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, нөшөр токтогондон кийин суу 40–60 мүнөт ичинде тартылат. Синоптиктердин болжолунда, жаан-чачын жакынкы күндөрү уланып, аба ырайы 26-июлдан тарта турукташат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/astana-bir-kundo-veneciyaga-ajlandy/