Балыкчыда жаңы төшөлгөн тротуар кол менен эле күбүлүп жатканы айтылды

/ Коом / 23

Балыкчы шаарында тротуардын сапатына байланыштуу видео социалдык тармактарда тарады. Кадрларда адам буту менен асфальтты сыйрып көргөндө, анын үстүңкү катмары күбүлүп түшкөнү көрүнөт.

Видеонун автору жабындыны кол менен эле көтөрүп алууга болорун айтып, анын сапатына нааразы болгон.

Тургундар мындай жабынды тротуарда канча убакытка чейин кызмат кыла турганын сурашууда. Видео шаардын кайсы жеринде тартылганы жана оңдоо иштерин кайсы компания аткарганы азырынча белгисиз. Расмий органдардан комментарий боло элек.

Бөлүшүү https://infogo.kg/balykchyda-jany-tosholgon-trotuar-kol-menen-ele-kubulup-jatkany-ajtyldy/