Баткен облусунда электр тармагынын ишканасынын директору 3 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районундагы ишканалардын биринде электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линияга байланыштуу аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбагандыктан өчүрүлгөн.
22-сентябрда Баткен электр тармактарынын директору ишкананын жетекчисинен электр энергиясын кайра кошуу жана ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн $3 миң талап кылган деп шектелүүдө.
27-сентябрда акча берүү мүмкүн эместигин айтканда, каражатты Кадамжай райондук электр тармактарынын жетекчисине өткөрүп берүүнү талап кылганы айтылды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1975-жылы туулган Баткен электр тармактарынын директору М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.