Бекешев чек ара аймактарына уруксатты «Түндүк» аркылуу берүүнү сунуштады

/ Коом / 7

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чек арага жакын аймактарга барууга уруксатты электрондук форматка өткөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, жарандар жана туристтер документти ортомчуларсыз эле «Түндүк» платформасы аркылуу онлайн алышы керек.

Депутат азыркы тартип көп убакытты талап кылып, айрым туристтик жайларга, анын ичинде Көл-Суу көлүнө баруу үчүн ортомчуларга кайрылууга туура келерин белгиледи.

Бекешев эс алуу мезгили аяктагандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге бул сунушту «100 күндүк реформалар» программасына киргизүү боюнча расмий кайрылуу жөнөтөрүн айтты.

Анын пикиринде, негизги көйгөй Чек ара кызматынын маалыматтык системасы «Түндүк» менен интеграцияланбаганы. Мындан улам уруксат берүүдө жана жарандардын өлкөгө кирип-чыгуусун эсепке алууда кыйынчылыктар жаралууда.

Депутат маалыматтык системаларды интеграциялоо мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылып, бюрократияны азайтып, жарандар менен туристтер үчүн ыңгайлуулукту арттырарын белгиледи.

Бөлүшүү https://infogo.kg/bekeshev-chek-ara-ajmaktaryna-uruksatty-tunduk-arkyluu-beruunu-sunushtady/