Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн коомдук дааратканалардын абалына көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Ал 24-сентябрдагы парламент жыйынында Бишкек, Ысык-Көл жана тоолуу аймактардагы туристтик жайлардагы санитардык шарттарга токтолду.
Депутаттын айтымында, өлкөдө көчөлөрдү тазалоо боюнча ишембиликтер өткөрүлүп, таштанды чогултулганына отчет берилгени менен, коомдук дааратканалардын абалы көп учурда көз жаздымда калууда.
«Ооруканага кирсең — даараткана начар, мектепте, лицейде, бала бакчада да ошондой. Жакшы кафелерде деле дааратканалардын абалы начар болуп калат», — деди Бекешев.
Ал туристтик аймактарда бул көйгөй өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, айрым туристтер жергиликтүү дааратканалардын абалын сүрөткө тартып жүргөнүн айтты.
Бекешев туризмди өнүктүрүүдө жарандар үчүн талапка жооп берген коомдук дааратканаларды түзүүгө олуттуу көңүл бурууга чакырды.
«Туризмди өнүктүрүүнү ушундан баштоо керек», — деди депутат.