Белгисиз жарылуучу зат жарылып, бир адам оор жаракат алды

/ Окуялар / 2

Нарын облусунун Ат-Башы районунда белгисиз жарылуучу зат жарылып, бир адам оор жаракат алды. Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 24-июлда саат 11:28де Ат-Башы райондук милициясына ооруканадан маалымат түшкөн. Анда Бирлик айылынын тургуну колунан жаракат алып, медициналык жардам сурап кайрылганы айтылган.

Алдын ала маалымат боюнча, эркек киши үйүнүн короосунда сыртынан гранатага окшош белгисиз буюмду карап жаткан. Ошол учурда буюм күтүүсүздөн жарылып кеткен.

Жабырлануучу колунан оор жаракат алып, оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Kaktus.media басылмасынын өз булактары жарылуунун кесепетинен эркек кишинин колу үзүлүп кеткенин билдиришкен. Бирок бул маалымат укук коргоо органдары тарабынан расмий түрдө тактала элек.

Окуя болгон жерди кароо учурунда жарылуучу түзүлүштүн сыныктары табылып, далил зат катары алынган. Алар соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлдү.

Жарылган буюмдун кандай түзүлүш экени жана анын үйдүн короосуна кантип келип калганы экспертизанын жыйынтыгынан кийин аныкталат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/belgisiz-jaryluuchu-zat-jarylyp-bir-adam-oor-jarakat-aldy/