Кыргызстанда авиакомпанияларга учактагы жүргүнчү орундарынан көп билет сатууга расмий түрдө тыюу салынды. Жаңы талап өлкөнүн аэропорттору аркылуу каттам аткарган бардык ата мекендик жана чет өлкөлүк авиакомпанияларга тиешелүү.
Овербукинг — авиакомпаниянын учактагы орундардын санынан ашык билет сатуусу. Мындай учурда билет сатып алган бардык жүргүнчүлөр аэропортко келсе, алардын айрымдарына учактан орун жетпей калышы мүмкүн.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, тыюу жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана жарактуу билети бар жаранды каттамга кабыл албай коюу учурларын алдын алуу максатында киргизилди.
Учак кичирээк бортко алмаштырылса эмне болот?
Кээде техникалык же башка себептерден улам авиакомпания каттамдагы учакты орун саны азыраак бортко алмаштырышы мүмкүн. Мындай учурда ташуучу жүргүнчүгө төмөнкү чечимдердин бирин сунуштоого милдеттүү:
— жүргүнчүнүн макулдугу менен ташуу шарттарын өзгөртүү;
— жакынкы мүмкүн болгон каттамга билет берүү;
— авиабилеттин акчасын толугу менен кайтарып берүү.
Авиакомпанияларга билет сатуу боюнча ички жол-жоболорун жаңы талаптарга ылайыкташтыруу жана кызматкерлерине тиешелүү нускама өткөрүү тапшырылды.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алып, каттамдарда орун жетишсиз болгону боюнча жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын каттай турганын билдирди.
Жаңы талаптан кийин авиакомпаниялар сатылган билеттердин саны учактагы чыныгы орундардын санына дал келишин камсыз кылууга тийиш. Башкача айтканда, жүргүнчүнүн колунда билети болсо, ага учактан орун да болушу керек.