Бишкектин «Биримдик Кут» конушунда мектеп окуучуларын ташыган автобустардын саны көбөйтүлдү.
Буга чейин 2025-жылдан бери каттамда 2 мектеп автобусу иштеп келсе, эми дагы бир автобус кошулуп, алардын жалпы саны 3кө жетти.
Мындан тышкары, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн конушка кошумча светофорлорду орнотуу пландалууда.
Ал эми келечекте жаңы автобус каттамын ишке киргизүү каралууда. Бул конуштун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
Учурда «Биримдик Кутта» №177 кичи автобус каттамы иштейт. Күн сайын каттамга 14 автобус чыгат.