Бишкекте катталган унаалардын саны 500 миңден ашты. Ал эми шаардагы жол инфраструктурасынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү болжол менен 200–250 миң унаага эсептелген.
Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин бөлүм башчысы Сталбек Токоев «Кабарга» билдирген.
Мындан тышкары, күн сайын аймактардан Бишкекке 150–200 миңге жакын унаа кирип-чыгат.
Мэрия өкүлүнүн айтымында, тыгын маселесин чечүү үчүн жолдорду гана кеңейтүү жетишсиз. Көпүрөлөрдү жана жол түйүндөрүн куруу, коомдук транспортту өнүктүрүү жана жол кыймылын башкаруунун заманбап системаларын киргизүү зарыл.