Бишкекте аялдамада жигитти күч менен унаага салып кетишти — видео

/ Кылмыш жана кырсык / 28

Бишкекте Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги аялдамада жигитти бир нече бала күч менен унаага салып кеткен учур видеого түшүп, социалдык тармактарга тарады.

Кадрларда 4-5 бала жигитти колу-бутунан көтөрүп, унаанын багажына салууга аракет кылганы көрүнөт. Кийин аны унаанын арткы орундугуна отургузуп, алып кетишкен.

Окуя болгон жерде 10го жакын бала болгону да видеодон байкалат.

Окуянын себептери жана жигиттин ким экени азырынча белгисиз. Айрым күбөлөр бул адам уурдоого байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Окуя боюнча расмий маалымат азырынча бериле элек.

Бөлүшүү https://infogo.kg/bishkekte-ayaldamada-jigitti-kuch-menen-unaaga-salyp-ketishti-video/