25-июль күнү саат 21:57де Бишкектин түштүк тарабында жер титирөө болду. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Арашан айылынан 4 чакырым батышта, Кой-Таштан 6 чакырым түндүк-батышта, Байтиктен 6 чакырым чыгышта жана Бишкектен 17 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Арашан айылында 2,5 балл, Кой-Таш жана Байтик айылдарында 2 баллга чейин сезилген.