Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кызматтык унаасын башкарган айдоочу жол кыймылынын эрежесин 56 жолу бузуп, жалпы 64 миң 800 сом айып пул топтогону тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады. Маалымат мамлекеттик Tolom.kg порталынан алынган скриншотко негизделген.
Социалдык тармактардагы талкуудан кийин Бишкек мэриясы бардык айып пулдар төлөнгөн. Ошондой эле мэрдин айдоочусу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары жол эрежесин бузууга жол берилбеши эскертилген.
Учурда Tolom.kg порталында аталган унаага байланыштуу айып пулдар тууралуу маалымат көрүнбөй калганы айтылды.
