Дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташы уланууда. Лондондогу ICE биржасынын маалыматына ылайык, Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 100 доллардан ашты.
Сентябрга карата Brent фьючерсинин баасы соода учурунда 6,55 пайызга жогорулап, баррелине 100,23 долларга жеткен. Мунайдын баасы акыркы жолу 2026-жылдын 22-майында бул көрсөткүчтөн жогору сатылган.
Энергоресурстун кымбатташы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу жана дүйнөлүк рынокко мунай жеткирүүдө үзгүлтүк жаралышы мүмкүн деген кооптонуу менен байланыштуу. Мунайдын баасы беш күн катары менен өсүп жатат.
Маалыматка ылайык, АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешүүнүн күчөшү рынокко олуттуу таасир берүүдө. Мындан тышкары, дүйнөлүк энергетикалык ресурстардын 20 пайызга жакыны ташылып келген Ормуз кысыгындагы кыймыл дээрлик толугу менен токтогону кабарланууда.
Ормуз кысыгы аркылуу өтүү чектелгенден кийин Кызыл деңиз Перс булуңундагы өлкөлөрдүн мунайын экспорттоочу негизги жолдордун бирине айланган. Бирок хуситтер Кызыл деңиздин түштүк кире беришиндеги Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган Сауд Арабиясынын кемелерине бөгөт коюларын жарыялагандан кийин аймактагы чыңалуу дагы күчөдү.
Эгер негизги деңиз жолдорундагы тоскоолдуктар улана берсе, дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы дагы өсүп, күйүүчү майдын жана ташуу кызматтарынын кымбатташына таасир этиши мүмкүн.