Кыргызстанда банк системасынан тышкары жүгүртүлгөн накталай акчанын көлөмү өсүүнү улантууда. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата жарандардын жана ишканалардын колундагы накталай акча 286 миллиард сомдон ашты.
Өлкөдө жүгүртүүдө турган накталай акчанын жалпы көлөмү 317 миллиард 26,2 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен 31 миллиард 20,3 миллион сому коммерциялык банктардын кассаларында сакталса, 286 миллиард 5,9 миллион сому банк системасынан тышкары жүгүртүүдө болгон.
Өткөн жылдын экинчи чейрегине салыштырмалуу банктардан тышкары жүргөн накталай акчанын көлөмү 33 миллиард 264,3 миллион сомго же 13,2 пайызга көбөйгөн.
Банктардын кассаларындагы акча жүгүртүү да өстү
2026-жылдын экинчи чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына 1 триллион 841 миллиард 600,5 миллион сом түшкөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 496 миллиард 744,4 миллион сомго же 36,9 пайызга көп.
Ошол эле учурда банктардын кассаларынан берилген накталай акчанын көлөмү 1 триллион 880 миллиард 341,2 миллион сомго жеткен. Бир жыл ичинде бул көрсөткүч 496 миллиард 906 миллион сомго же 35,9 пайызга өскөн.
Накталай акчанын 97,9 пайызы банктарга кайтып келген
Экинчи чейректин жыйынтыгы боюнча өлкөдө накталай акчанын коммерциялык банктардын кассаларына кайтарымдуулугу 97,9 пайызды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайыздык пунктка жогору.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду:
— Бишкек шаары — 99,2 пайыз;
— Баткен облусу — 100,2 пайыз;
— Жалал-Абад облусу — 93,8 пайыз;
— Ысык-Көл облусу — 97 пайыз;
— Нарын облусу — 91,6 пайыз;
— Ош облусу — 100,1 пайыз;
— Ош шаары — 92,2 пайыз;
— Талас облусу — 93,7 пайыз;
— Чүй облусу — 100,2 пайыз.
Эң жогорку кайтарымдуулук Баткен жана Чүй облустарында катталды. Ал эми эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда белгиленди.
Накталай акчанын көлөмүнүн көбөйүшү калктын жана бизнестин акча жүгүртүүсү активдешкенин көрсөтөт. Ошол эле учурда өлкөдө накталай төлөмдөрдүн үлүшү дагы деле жогору бойдон калууда.