Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча финалга чыкты.
Ал 24-сентябрдагы алдын ала сүзүүдө аралыкты 2 мүнөт 11,13 секундда өтүп, өз тобунда биринчи келди. Жалпы жыйынтыкта бул 3-көрсөткүч болду.
200 метрге брасс боюнча финал Бишкек убактысы менен саат 14:19да башталат.
Белгилей кетсек, 21-сентябрда Петрашов 100 метрге брасс боюнча финалда 4-орунду ээлеген.