Кыргызстанда мамлекеттик колдоо азайып, күйүүчү май өздүк наркы менен сатыла баштаса, дизелдин литри 130–140 сомго, бензиндики 110–120 сомго чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Өкмөт башчы бул суммалар азыртан бекитилген жаңы баа эмес экенин, бирок дүйнөлүк рыноктогу кырдаал жана кымбат логистика баалардын акырындап өсүшүнө алып келерин белгиледи. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдардын 90 пайыздан ашыгын импорттогондуктан, тышкы рынокко түздөн-түз көз каранды.
3-августта Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 бензининин литри 86,80–86,90 сом, дизель 99,90 сом, ал эми АИ-95 107–109,90 сом болуп турган. Демек, айтылган 110–140 сомдук чектер — баанын учурдагы деңгээли эмес, мамлекеттик колдоосуз пайда болушу мүмкүн болгон сценарий.
Касымалиевдин айтымында, мамлекет АИ-92 бензинин, дизелди жана суюлтулган газды субсидиялап, бааларды Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу 20–25 сомго арзан кармап турат. Бирок бул үчүн бюджеттен миллиарддаган сом талап кылынгандыктан, чыгымдардын өсүшүн толугу менен жабуу мүмкүн болбой жатат.
Өлкөдө күйүүчү май тартыштыгын болтурбоо үчүн жеткирүү булактары кеңейтилүүдө. Учурда Беларустан импорт жүрүп, Кытайдан алгачкы беш цистерна жеткирилди. Ошондой эле Өзбекстанда айына 20 миң тоннага чейин мунай продукциясын өндүрүү, Түркия жана Европа аркылуу ташып келүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда.