Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди тосуп алды Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келди. Жогорку даражалуу мейманды Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев учактан түшкөндөн кийин улуттук кыргыз кийимчен кыздар ага меймандостуктун жана конокко болгон сый-урматтын белгиси катары боорсок менен бал сунушту. Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилип турушту. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту. “Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамблинин бийчилери тигилген боз үйлөрдүн фонунда көчмөн элдин салттуу жашоо образын чагылдырган кыргыздын улуттук бийлерин аткарышты.
Аземде зоот кийимчен атчандардын жана кыргыз элинин кайраттуулугун, эр жүрөктүгүн, тарыхый мурасын даңазалаган алп баатырлардын катышуусундагы композиция өзгөчө орун ээледи. Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли кыргыз жана өзбек күүлөрүн аткарып, боордош эки элдин достугун, өз ара сый-урматын жана ынак коңшулук мамилесин даңазалады.

Аземдин соңунда улуттук стилде жасалгаланган эки жарым боз үйдүн фонунда театралдаштырылган этнографиялык көрсөтмө коюлду. Анда кыргыз элинин меймандостугу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана конок тосуу салттары чагылдырылган.
Белгилей кетсек, мамлекеттик сапардын алкагында Президент Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаров менен бетме-бет жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусуна катышат