Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы эми авиабилеттердин баасына да таасир эте баштады. Asman Airlines 1-августтан тартып айрым ички каттамдардагы тарифтерин жогорулатарын билдирди.
30-июль, саат 21:00гө карата жарыяланган акыркы маалымат боюнча, Бишкектеги ири май куюучу жайларда:
— АИ-92 — 86,8–86,9 сом;
— АИ-95 — 107–109,9 сом;
— дизель — 99,9 сом;
— автогаз — 47,7–47,8 сом турат.
Акыркы суткада баалар өзгөргөн эмес. Бирок июль айынын башында 79,8–79,9 сом турган АИ-92 үч жумада болжол менен 7 сомго кымбаттады. Учурдагы баалар мамлекет Бишкек үчүн белгилеген чектен АИ-92 боюнча 7 сомго, дизель боюнча 6 сомго жакын жогору.
Кымбатчылык асманга да жетти. Asman Airlines компаниясынын маалыматы боюнча, июль айында Кыргызстандагы авиациялык күйүүчү майдын баасы 32 пайызга өскөн. Мындан улам 1-августтан баштап бир тарапка билеттин жаңы тарифтери төмөнкүдөй болот:
— Бишкек — Ош: 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин;
— Бишкек — Манас: 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин.
Так баа билеттин качан алынганына, учактын толушуна жана арзан тариф боюнча бош орундардын болушуна жараша аныкталат.
Өкмөт күйүүчү май импорттоочулардын чыгымынын бир бөлүгүн субсидиялап жатат. Антимонополиялык кызматтын эсебинде, мындай колдоо болбогондо АИ-92нин литри 105 сомго, дизель 115 сомго чейин жетиши мүмкүн эле. Бирок мамлекеттик колдоого карабай, кымбатчылыктын таасири транспорт тармагына өтүп, эми жүргүнчүлөрдүн чыгымын да көбөйтүүдө.