⚡ШАШЫЛЫШ Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

/ Саясат / 4

Кыргызстанда депутаттыкка бир талапкерге миңге чейин үгүтчү жалдоого жол берген норма жоюлду. Президент Садыр Жапаров шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Эми талапкер же саясий партия ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашык эмес расмий үгүтчү тарта алат. Мирлан Жеенчороевдин маалыматы боюнча, округдагы участоктордун санына жараша бир талапкердин үгүтчүлөрү болжол менен 165тен 360ка чейин болушу мүмкүн.

Мурда парламенттик шайлоодо талапкерге миңге чейин үгүтчү жалдоого уруксат берилген. 2025-жылдагы шайлоодо талапкерлердин бири 998 адамды үгүтчү катары каттаганы белгилүү болгон. Бул норма бай талапкерлерге артыкчылык берип, шайлоо чыгымдарын көбөйтөт жана добуштарды жашыруун сатып алууга шарт түзөт деген сын айтылган.

Жаңы чектөө үгүт өнөктүгүн арзандатып, талапкерлер үчүн атаандаштык шарттарын теңдөөгө багытталган. Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү https://infogo.kg/shajloo-erejesi-ozgorup-min-agitatorgo-chekit-kouldu/