Бишкек шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, «№303 муниципалдык аймактык башкармалык» соода жана оюн-зоок борборлорунда, сулуулук салондорунда, банктарда, коомдук тамактануу жайларында, мейманканаларда, спорт комплекстеринде жана дүкөндөрдө жайгашкан сырткы жана ички жарнамаларды, ошондой эле көрнөк-жазууларды текшерди.
Мониторинг Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жүргүзүлүп, жарнамалардын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга шайкештиги бааланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкерлерге мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилди.