Ысык-Көл электр тармактары ишканасы UIM F1H2O Grand Prix of Kyrgyzstan 2026 дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүүгө карата электр менен камсыздоо объектилерин даярдоону аяктады.
Аткарылган иштердин алкагында 10 кВ жана 0,4 кВ аба электр чубалгылары, ошондой эле 0,4 кВ кабелдик линиялар курулду. Мындан тышкары, кубаттуулугу 1000 кВА болгон бир жана 630 кВАдан эки жаңы трансформатордук көмөк чордону орнотулду.
Мелдеш өтүүчү негизги жайларда электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо үчүн кошумча дизелдик генераторлор жайгаштырылат. Эл аралык жарыш күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштеп, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөшөт.