Geely Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн карайт

/ Авто / 2

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдагы иш сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында Geely Auto Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу жана тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бул демилгени иликтөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Geely Auto Group компаниясынын портфелине Geely, Lynk & Co, Zeekr, Volvo, Polestar, Proton жана Lotus сыяктуу бренддер кирет. Компаниянын продукциясы дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө жана аймагына сатылат.

Бөлүшүү https://infogo.kg/geely-kyrgyzstanda-birgeleshken-ishkana-achuu-mumkunchulugun-karajt/