Июль айында Кыргызстанда орточо айлык 54,8 миң сом болду

/ Экономика / 17

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында орточо айлык акы 54 миң 864 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, июль айында орточо номиналдык айлык акы былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 28,5% өскөн. Ал эми жылдык инфляцияны эске алганда, реалдуу өсүш болжол менен 17% түзгөн.

Июнь айында орточо айлык акы 53 миң 759 сом болгон. Демек, бир айда көрсөткүч 2,05% жогорулаган.

Айлык акынын эң көп өсүшү искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында катталып, 1,5 эсеге көбөйгөн. Саламаттык сактоо жана социалдык тейлөөдө 46,6%, билим берүүдө 43,3%, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикте 35,2% өскөн.

Ошондой эле айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоодо айлык акы 32,9%, суу менен камсыздоо жана калдыктарды кайра иштетүү тармагында 29,6% жогорулаган.

Ал эми январь-август айларында өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 37 миң адамды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 16,3% азайган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/iul-ajynda-kyrgyzstanda-ortocho-ajlyk-548-min-som-boldu/