Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги айыл чарба жерлерин, мөңгүлөрдү, суу объектилерин, токойлорду жана жайыттарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле анын жардамы менен жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүлөт.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, спутниктен алынган маалыматтар кайсы аймакта кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү натыйжалуу экенин, болжолдуу түшүмдү жана аба ырайынын шарттарын аныктоого колдонулат.
Мындан тышкары, спутниктик маалыматтар жер казынасын мыйзамсыз пайдаланууну, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларды жана айлана-чөйрөнү булгаган башка булактарды аныктоого жардам берет.
Спутниктин маалыматтары кургакчылык, сел, суу ташкыны, жер көчкү жана токой өрттөрүн эрте аныктоо үчүн да пайдаланылат.
Спутникти Бишкектеги Башкаруу борбору аркылуу көзөмөлдөө пландалууда.
Жапаров буга чейин Кыргызстан айрым аймактар жана аба ырайы боюнча спутниктик маалыматтарды башка мамлекеттерден алып келгенин белгиледи.
«Мындай спутник бизде болгон эмес. Башка мамлекеттерден айрым аймактар жана аба ырайы боюнча маалымат сурачубуз. Бул үчүн миллиарддаган каражат төлөнчү. Эми алардан көз каранды эмеспиз», — деди президент.
Кийинчерээк спутниктен алынган маалыматтарды мамлекеттик санариптик системаларга интеграциялап, мейкиндиктик карталарды жана аналитикалык моделдерди түзүүдө колдонуу пландалууда.
Президенттин айтымында, келечекте Кыргызстан өзүнүн телекоммуникациялык спутнигин да учурууну көздөйт.