Жапаров Ван Иге: Кытайлык компаниялар Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого тийиш

/ Бийлик / 3

Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү улантып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда ал чет өлкөлүк, анын ичинде кытайлык компаниялар Кыргызстандын мыйзамдарын так сактап, улуттук каада-салтты жана маданиятты урматтоого тийиш экенин баса белгиледи.

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн бири катары көрөрүн айтып, транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция тармактарындагы биргелешкен долбоорлор өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болорун билдирди.

Өз кезегинде Ван И жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө жана эки өлкө үчүн маанилүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.

Бөлүшүү https://infogo.kg/japarov-van-ige-kytajlyk-kompaniyalar-kyrgyzstandyn-myjzamdaryn-saktoogo-tijish/