Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмакта алтын медаль утту.
1-октябрда өткөн финалдык беттеште ал Өзбекстандын балбаны Алишер Ганиев менен күч сынашты.
Жоломан атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, Кыргызстандын капчыгына алтын медаль алып келди!
Жеңиш кут болсун, Жоломан! Элдин сыймыгы!