Касымалиев: Кыргызстан ЖИ боюнча дүйнөлүк уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири

/ Бийлик / 2

Кыргызстан Жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча дүйнөлүк уюмдун алгачкы мамлекет-негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-сентябрда Ханчжоу шаарында өткөн Дүйнөлүк V санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Кытайдын Жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча дүйнөлүк уюм түзүү демилгесин колдойт.

«Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү беришин каалайбыз. Кыргызстан бул ишке жигердүү катышууга даяр», — деди Касымалиев.

Ал ошондой эле санариптик логистиканы жана төлөмдөрдү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнеске ЖИ-чечимдерин киргизүү, дата-борборлорду жана технологияларды трансферттөө борборлорун биргелешип өнүктүрүү, адистерди даярдоо багыттарын белгиледи.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kasymaliev-kyrgyzstan-ji-bouncha-dujnoluk-uumdun-negizdoochulorunun-biri/