Бишкектин борборунда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэль катышкан жол кырсыгы катталды.
Кырсык Манас жана Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинде болгон. Патрулдук милициянын маалыматына караганда, BMW үлгүсүндөгү унаа мопед айдап бараткан курьерди сүзүп кеткен.
Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Кадрларда Kojo аттуу жеке мамлекеттик номери бар унаа көрүнөт.
Кырсыктын кесепетинен мопеддин айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашууда.
Учурда укук коргоо органдары кырсыктын бардык жагдайларын жана себептерин тактап жатышат.