Кыргызстанда 51 миңден ашуун бүтүрүүчү ЖОЖдорго жана колледждерге кабыл алынды

/ Коом / 3

Кыргызстанда 51 миң 304 бүтүрүүчү жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алынганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Дурус Козуевдин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдө 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктаган. Жалпы республикалык тестирлөөгө 69 миң 467 бүтүрүүчү катышып, алардын 70 пайызга жакыны босого баллдан өткөн.

ЖОЖдорго тапшыруу үчүн атайын платформада 61 миң 69 абитуриент катталган. Университеттер 41 миң 594 талапкерге сунуштама берип, алардын 30 миң 101и кабыл алууну тастыктаган.

Орто кесиптик окуу жайларына 28 миң 697 абитуриент катталып, 21 миң 203ү кабыл алынганын ырастаган.

Быйылкы жаңылык катары колледждерге кабыл алууда да ОРТнын жыйынтыктарын колдонуу киргизилди. Колледждер үчүн босого балл 90, ал эми кошумча предметтик тест боюнча 40 балл белгиленди.

Кабыл алуу жараяны толугу менен онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер окуу жайларга барып документ тапшырууга муктаж эмес — бардык аракеттер министрликтин платформасы аркылуу жүргүзүлөт.

Кабыл алуунун акыркы, бешинчи этабы 12-августта аяктайт. Бош орундар калса, абитуриенттерге 20-августка чейин кошумча мүмкүнчүлүк берилет.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kyrgyzstanda-51-minden-ashuun-buturuuchu-jojdorgo-jana-kolledjderge-kabyl-alyndy/