Кыргызстанда имамдарга жана башка диний кызматкерлерге төлөнүүчү каражатты көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин басма сөз катчысы Жунусаалы Мырзалиев билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен азыркы учурда 8 миң сомдун тегерегинде болуп жаткан төлөмдү жогорулатуу сунушталууда.
Учурда бул багыттагы иштер Улуттук агенттик менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Буга чейин агенттиктин директору Талантбек Ташибеков келечекте имамдардын айлыгы 25 миң сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген.
Кыргызстанда 4 миңден ашык мечит катталган. Буга чейин имамдарга төлөмдөр «Ыйман» фонду аркылуу жүргүзүлүп келген, кийин бир нече жылга токтотулган.