Кыргызстанда өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

/ Коом / 20

Кыргызстанда маркумдардын сөөгүн өрттөөгө расмий түрдө тыюу салынды. Президент Садыр Жапаров «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 25-июнунда кабыл алган.

Жаңы талапка ылайык, маркумдардын, ошондой эле бойдон алдырылган жана өлүү төрөлгөн түйүлдүктөрдүн сөөгүн крематорийде өрттөөгө болбойт. Таанылбаган же жакындары алып кетпеген сөөктөр атайын бөлүнгөн көрүстөндөргө жерге коюлат.

Мыйзамда «кремация» түшүнүгү медициналык ишмердиктен кийин калган органдарды, ткандарды жана башка биологиялык объекттерди санитардык максатта өрттөө катары гана сакталды. Крематорийлер мындан ары адамдардын сөөгүн өрттөөчү жай эмес, медициналык биологиялык калдыктарды коопсуз жок кылуучу атайын курулма катары иштейт.

Мындай объектилер республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле ишкердик субъектилеринин каражатына курулушу мүмкүн. Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөн соң күчүнө кирет.

Бөлүшүү https://infogo.kg/kyrgyzstanda-olgondordun-soogun-orttoogo-tyuu-salyndy/