Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоонун көлөмү республикалык бюджеттин иш жүзүндөгү кирешелерине жараша аныкталат.
Данияр Амангелдиев президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөдө пенсиянын минималдуу өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болбошу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул көрсөткүчкө 2022–2023-жылдары жетишилген.
Ошондой эле ал пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо мурдагыдай эле быйыл да октябрь айында жүргүзүлөрүн айтты.
Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Жеңишбек Мукамбетов билдиргендей, учурда Кыргызстанда минималдуу пенсиянын өлчөмү 7,1 миң сомду, ал эми орточо пенсия 11,3 миң сомду түзөт.